А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Аида Кулуева

Текст песни Аида Кулуева "Жаз"

Сапарым жазгы жолдо, жазгы жолдо
Сарысеп салып келем оңго солго
Көркөмдүү көргөзмөсүн көрсүн дейби
Күн нуру шоолаланды кыраң жолдо
Асманга анан жерде нур таралат
Аз-аздап шык ойгонуп ыр жаралат
Эңилип жаман гүлдөр өөп кетпейби
Эртелеп бара жатсам бак аралап

Мактасаң сулуулукту жазда макта
Жашыл түс кырда, түздө, дүйүм бакта
Жамалың жамгыр чайкап эртели кеч
Таштар да өңүн ачат ушул чакта
Булбулдар көрүшкөнсүп теңи менен
Безилдеп үн алышат сени менен
Жабыркап жылуулуктан жадап турсаң
Жел аргый желпип өтөт жеңи менен

Төшөлөт чөп килемдей бут алдына
Жайылат нур жибектей кош далыма
Көпөлөк көлөкөмдөн боюн тартат
Келгенсийт кебирсинген кыш жанына

Категория: Аида Кулуева | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 339 | Теги: Аида Кулуева | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: