А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Айчүрөк Иманалиева

Текст песни Айчүрөк Иманалиева - Тоо булагы

Тоо койнунда жалгыз булак,
Шыңгыр добуш үн салат.
Добушунда туңгуч сүйүүм муңканат.
Алгач ирет көрүшкөнбүз, Жылдыздарды кучактап.
Күбө болгон ак сүйүүмө мөлтүр булак.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.

Кайырма:
Тоо булагым, айлансаң,
Көз жаш менен арманга.
Тоо булагым, сени менен,
Кошулайын дайрага.

Таң сүргөндө мага айттың,
Наз жүрөктүн арманын.
Сенден башка бар эле деп ардагым.
Андай болсо айтчы неге,
Наз жүрөктү алдадың?
Жүрөгүмдү сага деген жараладың.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.
Кайырма

Бүгүн келдим мөл булакка,
Ушул кезди сагынып.
Кайта дагы махабатка мен багынып.
Толкундарда мөл булактын
Көз жаш жатты агылып.
Жүрөгүмдүн муңдуу күүсү жаңырып.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.

Категория: Айчүрөк Иманалиева | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 477 | Теги: Айчүрөк Иманалиева | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: