А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Айдин Шер

Текст песни Айдин Шер "Карындаш"

Жок, жалынба, сүйө албайм, таарынба,
Анткени шагымды сындыргансың сен дагы.
Көп убара болбойлу, карындаш,
Анткени жактырбайм көтөрүнгөн кыздарды.

Кайырма:
Сезесиң өзүңдү абдан сулуу,
Андан көрө мамилең болсо жылуу.Жүрбөйт белек биз да түгөй болуп,
Бар-жогуна кайыл болуп коюп.

Деп коюп ичимден жактырдым,
Сыртымдан мазактап каткырдым.
Жүрөктүн кылдарын чертем деп,
Нотасын буздуң сен жакшы ырдын.

Кайырма
Чертилбейт билсең жүрөк кылдары,
Обонго келбейт анын ыргагы.
Өзүңдүн кызыкчылыгың үчүн,
Сезимди булгаганың туурабы?

Сенде да, менде да намыс бар,
Көп болсо көңүлдөр калышар.
А балким, өтсө убакыт,
Жүрөктөр тилсиз табышар.

Кайырма:
Сезесиң өзүңдү абдан сулуу,
Андан көрө мамилең болсо жылуу.
Жүрбөйт белек биз да түгөй болуп,
Бар-жогуна кайыл болуп коюп.
Чертилбейт билсең жүрөк кылдары,
Обонго келбейт анын ыргагы.
Өзүндүн кызыкчылыгың үчүн,
Сезимди булгаганың туурабы?

Категория: Айдин Шер | Добавил: Админ (27.01.2018)
Просмотров: 437 | Теги: Айдин Шер | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: