А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Айдин Шер

Текст песни Айдин Шер "Кыргызымдын сулуусу"

Маралдай басканы багынткан асканы,
Баш ийип беребиз байкабай башканы.
Бар жашоо болуп сезилет, бакытың болуп кезигет.
Жарык нур болуп себилет,
Жан дүйнөң ага берилет.
Жашоо берген керемет.

Кайырма
Жигит көңүлүн жибитет,
Жибектей узун чачы.
Жетсем деп жүрөк эргитет,
Жебедей болгон кашы.
Кериле басса жарашкан,
Келбети мүчө-бою.
Кылчайып баары карашкан,
Кыздарда болуп ою.

Күлкүсү булактай, көздөрү чырактай,
Көнүшүп алабыз, көңүлдөр ынактай.
Жаралган таңдын желинен,
Жан экен өзү керилген.
Жарадар болдум эми мен,
Табамын кыргыз элимен.
Сулуулар чыккан элимен.

Кыздардын кылыгына,
Кызыккан кылым мурда.
Кыргыздын сулуулары,
Жашасын кылымдарга.

Категория: Айдин Шер | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 340 | Теги: Айдин Шер | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: