А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Айя Садырова

Текст песни Айя Садырова "Жаным сен"

Бул өмүрдө бактылумуун, сүйгөн жаным сен,
Жүрөгүмө эгип койдуң сүйүү данын сен.
Бир өзүмө тартуулайсың гүлдүн баарын сен,
Сени менен таттым окшойт бакыт даамын мен,
Жаным сен...

Кайырма:
Күлүп кой, бир жүрөк жылысын
Жашоонун сен жарык нурусуң, нурусуң.
Өзүңсүз бул жашоо кызыксыз,
Бактылуу күндөрүм сен мене, бакытым сен.

Ак сүйүүмдү баалай алган жалгыз өзүңсүң,
Махабаттын гүлүн ачкан тунук сезимсиң.
Жүрөгүмө жалын чачкан жылуу нур сенсиң,
Бүт өмүрдү арнай турган жаным бир сенсиң,
Сезерсиң...

Кайырма:
Күлүп кой, бир жүрөк жылысын,
Жашоонун сен жарык нурусуң, нурусуң.
Өзүңсүз бул жашоо кызыксыз,
Бактылуу күндөрүм сен менен иргелген.
Күлүп кой, бир жүрөк жылысын,
Жашоонун сен жарык нурусуң, нурусуң.
Өзүңсүз бул жашоо кызыксыз,
Бактылуу күндөрүм сен менен, сен менен.

Алтыным, менин асылым -
Жалгыз өзүң.
Сүйөмүн, сен деп жүрөмүн
Тунук сезим.
Өчпөсүн сүйүүбүз, бир бололу,
Колдоп койчу, мен сендикмин.
Коргоп койчу, жалгызым сен,
Жактырам мен,
Жаншерик сен,
Жаныңда мен...

Категория: Айя Садырова | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 347 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: