А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Айпери Кубик кызы

Текст песни Айпери Кубик кызы "Ариет"

Шамал болуп сени учуруп шаштыбы?
Шайтан айдап жаштыгыңдын мастыгын.
Өмүрүнө балта чапкан теректей,
Бул жашоонун сага болгон кастыгы.

Адамзаты бул жашоого бир келсе,
Бардык нерсе байлык менен чектелсе.
Атаганат арман кылар бир өмүр,
Сүйүп, сүйүп сүйгөнүнө жетпесе.

Кайрыма:
Ариет, жалындаган жаштыгыңа,
Жанып өчкөн баттыгына каниет.

Сансыз ырчы арман кылып ырдаган,
Сага жетпей кор болдум деп ыйлаган.
Мөлмөлүм деп, чолпонум деп безилдеп,
Өткөндөр бар өмүр бою сыздаган.

Түгөнбөгөн суусу таза булактай,
Ариет сен бир жарк эттиң чырактай.
Жомоктогу ал булакты таба албай,
Айдай калды суу ичпеген улактай.

Кайрыма:
Ариет, жалындаган жаштыгыңа,
Жанып өчкөн баттыгына каниет.

Категория: Айпери Кубик кызы | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 325 | Теги: Айпери Кубик кызы | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: