Из калтыр бул дүйнөдө
Ансыз да өмүр кыска
Атыңды айтып уркан
Иштерин болсун нуска
Из калтыр бул дүйнөдө
жакшылык иштер менен
Акындар ыр жазышсын
Канаттуу сезим менен
Из калтыр бул дүйнөдө
Акыйкат сөзүң менен
Эч качан ушак айтпа
Көрбөсөн көзүң менен
Из калтыр бул дүйнөдө
Боорукер сезим менен
Көңүлдү калтырбайлы
Баары өтөт бул дүйнөдөн
Артыңда из калтыргын
Ар эмгек кызмат менен
Унутпай элим жүрсүн
Кетсең да бул дүйнөдөн
Из калтыр бул дүйнөдө
Атанын уулу деген
Ашыкча мүлк жыйнаба
Ал кетпейт өзүң менен
Из калтыр бул дүйнөдө
Боорукер сезим менен
Көңүлдү калтырбайлы
Баары өтөт бул дүйнөдөн
|