А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Айпери Кулбаева

Текст песни Айпери Кулбаева "Ош шаарым"

Күн чыгып алай зоосунан
Күн батып керме тоосунан
Күмүштөй тунук ак буура
Күкүктөй агып коосунан
Теңирдин Ошум сыймыгым
Теңдешсиз бейиш чыныгы
Тетиги турган Сулайман
Теңи жок тоонун ыйыгы

Аттадык Алтай тараптан
Арылтып жоодон талашкан
Ак бата алган шаарымсын
Атабыз айкөл Манастан
Теңирдин Ошум сыймыгым
Теңдешсиз бейиш чыныгы
Тетиги турган Сулайман
Теңи жок тоонун ыйыгы

Балкытып эмгек демиги
Бак дөөлөт курчап дениңи
Батасын алган шаарымсын
Бабурдун түшүп мээрими
Төк бүтпөй өмүр жолдору
Түгөнбөй максат ойлору
Түбөлүк гүлдөп өсө бер
Түштүктүн болуп борбору

Категория: Айпери Кулбаева | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 373 | Теги: Айпери Кулбаева | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: