А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Айжамал Кабылова

Текст песни Айжамал Кабылова "Махабат"

Сабалап сагынганда,
Санаага кабылганда,
Махабат - чоң дайра,
Агып барат сага.
Кымбатым күткөн кечте,
Үмүтүм үзгөн кезде,
Элеси көз алдымда,
Эрмеги түшсө эске.

Кайырма:

Арбап сүйүү-махабат,
Албырып жүз жашарат.
Ансыз адам жашабайт,
Жаштыктын көркү,
Жалыны, өртү!
Теребел да кулпурат,
Бир сага деп умтулат.
Коштоп ырдап аны,
Булбул сайрап,
Бүлбүлдөйт жарып.

Өмүрдүн тирегиндей,
Өспүрүм тилегиндей,
Аруулуктан бүткөн,
Арзып адам күткөн.
Жакшылык илебиндей,
Жалпыга тиет бирдей,
Күткөндөй көктөм жазды,
Сүйүүнү күтпөйт кимдер?

Кайырма:

Категория: Айжамал Кабылова | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 389 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: