А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Айжамал Кабылова

Текст песни Айжамал Кабылова "Жыпарым"

Сүйүүдөн тапкан белегим,
Сүйөнөр тоом, жөлөгүм.
Нур болуп кирдиң сен үйүмө,
Көксөгөн үмүт-тилегим.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Шылдырап аккан булагым,
Жаныма эрмек ынагым.
Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп,
Сагынып гана турамын.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Каткырсаң балкып кетемин,
Асманга учуп жетемин.
Булуттай болгон жүрөгүм,
Садагаң болуп кетейин.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Категория: Айжамал Кабылова | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 502 | Теги: Айжамал Кабылова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: