А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Актан Исабаев

Текст песни Актан Исабаев "Энекеме"

Каректен кетпей элесиң,
Адамзат башын ийген эле.
Төгүлүп биздей мөмөсү,
Арнаган жары, дүйнө эли.
Ажайып белек берели,
Ала-Тоо гүлүн терели.
Төгүлүп күндөй мээрими,
Ардактап дайым келели.
Ырыскы-таалай, жалпыга каалайм,
Амандык тилек айтылып келет далай.

Кайырма:
Энекебай, көп жаша,
Жанда жүргөнүң береке.
Сага болоюн көлөкө,
Жаралган жалын жүрөктөн.
Аруу тилектен,
Ырымды ушул кабыл алгын, энеке.

Боройлоп турмуш кыш болсо,
Жалындап оттой жагылган – эне.
Тирүүлүк эгер куш болсо,
Канаты болуп кагылган – эне.
Өмүрдүн болуп тиреги,
Дүйнөгө тынчтык тилеги.
Эң назик эне жүрөгү,
Оорутпай аны жүрөлү.
Жылдызды карай, канатты самай,
Кайталап ырдай берем мен уктабай.

Кайырма:
Энекебай, көп жаша,
Жанда жүргөнүң береке.
Сага болоюн көлөкө,
Жаралган жалын жүрөктөн.
Аруу тилектен,
Ырымды ушул кабыл алгын, энеке.

Категория: Актан Исабаев | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 375 | Теги: Актан Исабаев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: