А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Алтынай Нарбаева

Текст песни Алтынай Нарбаева "Кимибизден?"

Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат, баратабыз,
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.

Кайран кез, кандай сонун убак эле,
Сезимде эңсөө туруп турар эле.
Сагынып, самап келсем сапарымдан,
Саамайың саамал кымыз сыңар эле.

Башатын махабаттын чандың беле?
Байкабай капа кылып алдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык,
Бой салып, ашык болуп калдың беле?

Көңүлдүн муз төрүнө бара электе,
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе.
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе.

Категория: Алтынай Нарбаева | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 718 | Теги: Алтынай Нарбаева | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: