А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Арсен

Текст песни Арсен "Аруу жан"

Ай асмандай бийиксиң,
Алыстан мен аярлайм.
Асылдыктын бирисиң,
Айта албаймын, абайлайм.
Жаралгансың ким үчүн?
Жаздын жарык күнүндөй,
Жылмайганың, күлүшүң,
Жарык чачат күлүңдөй.

Кайырма:
Жаным деп,
Айткым келет мен тажабай,
Жамалыңа зар болуп,
Жалооруймун баладай.

Жан дүйнөмдү эңсетип,
Жаным, менден алыссың.
Туң сүйүүмдүн эркеси,
Түштө көргөн жарыксың.
Кезиккенбиз капыстан,
Ошол күнүм арманбы?
Жетпей сага ашыккан,
Махабатым жалганбы?

Кайырма:

Кайгырамын таба албай,
Кайдан издеп барам, ай?
Дүйнө кезип издесем,
Кезикпедиң сен мага.

Кайырма:

Категория: Арсен | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 398 | Теги: арсен | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: