А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Арсен

Текст песни Арсен "Жайлоодо"

Жайлоодо өткүн өтүп, ыбыр-дыбыр,
Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр.
Карачы, нота билип калганда не ай,
Угулат музыкалуу бир сонун ыр.

Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.

Жайлоодо булак үнүн угам жыргап,
Теребелде сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак.
Кагазга нота билсем түшүрсөм не, ай,
Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап.

Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.

Таңшыган кыл кыякта назик кылдай
Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай.
Кагазга нота билип түшүрсөм не, ай,
Ордумда тыңшап туруп кадам жылбай.

Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.

Категория: Арсен | Добавил: Админ (01.03.2018)
Просмотров: 724 | Теги: арсен | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: