А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Асанкалый Керимбаев

Текст песни Асанкалый Керимбаев "Кусалык"

Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кайырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,
Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Тирүүлүк бүтүн бойдон тушап алып,
Түшүүдө өмүр менден ушаланып.
Узун түн элесиңди унута албай,
Унчукпас болуп кеттим кусаланып.

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып.
Бой таштап тегирмендин парасына,
Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

Көз түшүп көк көйнөкчөн убагыңдан,
Арбын жыл атың кетпей кулагымдан.
Түшүмө киришиңди күндө тилеп,
Уктаарда угузбастан дуба кылам.

Категория: Асанкалый Керимбаев | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 532 | Теги: Асанкалый Керимбаев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: