А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Асанкалый Керимбаев

Текст песни Асанкалый Керимбаев "Унутпайм"

Жайдагы гүлдөр соолуп, көңүл сыздап,
Жан-жактан салкын тартып, аба муздап.
Күркүрөп-шаркырабай бир калыпта,
Күзгү жаан жалбыракты жатат туздап.

А балким, убакыттар өлгөн бөөдө,
Көчөгө чатыр кармап чыгам кээде.
Жаркыным, бүгүн дагы келбейсиңби?
Жапжалгыз телмиремин терезеде.

Андагы гүлдөр өчүп, аба сууган,
Булуттар ойкуп-кайкып шамал кууган.
Жайдары көргөнсүймүн элесиңди,
Жаркырак терезеде жамгыр жууган.

Категория: Асанкалый Керимбаев | Добавил: Админ (03.04.2018)
Просмотров: 524 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: