А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Асема

Текст песни Асема "Өчпөсө экен сүйүүбүз"

Балапан ооз наристедей эркерээк,
Таарынышып, кээде назик эркелеп.
Бак-таалайдын туусу кылып сүйүүнү,
Шашылбайбыз, улгайууга эрте деп.

Жаштык узап кетип калат кайрылбай,
Ак өмүрдүн алакандай айрыгы ай.
Ошол кыска алакандай жаштыкты,
Келчи биргем, өткөрөлүк кайгырбай.

Кайырма:
Мейли күндөр өтсүн күнгө алмашып,
Өмүр-ажал жакындашып, арбашып.
Өчпөсө экен карысак да сүйүүбүз,
Жүрөктөрдөн жылуу сезим арнашып.

Алыс кетсең жолуң тосуп эртелеп,
Караан издеп келсе экен дейм эртерээк.
Биркок мейлиң, кайда жүрсөң тилеймин,
Дөөтү колдоп, жолу шыдыр болсо деп.

Асылым, ашыгым,
Жаныма жакыным.
Кубанчым, кыйбасым
Сагынчым, сырдашым.

Асылым, ашыгым,
Жан биргем, жакыным.
Эч кимге теңебес,
Эн таттуум, кымбатым.

Категория: Асема | Добавил: Админ (27.01.2018)
Просмотров: 360 | Теги: Асема | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: