А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Асема

Текст песни Асема "Сүйөм сени"

Жарыгым менин, кумарың жалбыз жытындай,
Сезимге шербет, сөзүңдүн оттой ысыгы, ай!
Эсиме келбей, элбиреп турам өзүң деп,
Тай кулун туйлап жаткансып жүрөк тушумда.

Албырып турган жүзүмдөн байка сүйүүмдү,
Жактырам, жаным, жалбарган шыбыр үнүңдү.
Магдырап барам, керемет келе калгандай,
Майрамдай сезип, сен менен өткөн күнүмдү.

Кайырма:
Сүйөм сени, сүйөм сени сүйүүдөн эч чарчабай,
Күтөм сени, күтөм сени күтүүдөн эч тажабай.

Отуна күйдүр, бул дүйнө бизге түбөлүк,
Белекке келген кемибей турган энчиби?
Жалының барда жанарың болсо жанып кал,
Жалп этип өчсөк, жыйнаган күнү келчүбү?

Категория: Асема | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 343 | Теги: Асема | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: