А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Асема

Текст песни Асема "Унутам сени"

Унутам сени! Убайга салган күн менен,
Оюмдан үзөм, чачамын шуру сыңары.
Өзүңдө мындай жеңилдик барын билбегем,
Көпөлөк болгон көңүлдөн кеткис, ынагым!

Кайырма:
Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер,
Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың.
Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн,
Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы.

Тажадым күндөн төгүлүп гана келбеген,
Суранбайм сенден жарыгын мага тийгиз деп.
Жолумдан кеткин, тагдырдын менби эрмеги,
Күмөндөр кылып, күйбөгөн отко күйгүзбө.

Кайырма:
Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер,
Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың.
Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн,
Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы.

Жетким да келбейт сөзүңдүн жалган-чынына,
Сезилбейт андан сезимдин ысык жалыны.
Иренжий түшүп, ачылган сенин сырыңа,
Башканын көөнүн оорутуп алдым, жарыгым!

Кайырма:
Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер,
Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың.
Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн,
Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы.

Категория: Асема | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 403 | Теги: Асема | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: