А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Аскат Мусабеков

Текст песни Аскат Мусабеков - Карындаш ай

Анчалык эмне үзүлүп карадың ай,
Алтыным, менден нени самадың ай?
Жактырып мен да отурдум бет маңдайда,
Жылдызын төгүп турган кабагыңды ай.
Карындаш ай,
Жылдызын төгүп турган кабагыңды ай.

Тигилип карегиме каректерин,
Титиреп бүткөн боюм электедим.
Өзүңө болгон экен табышмак сыр,
Өчүрбөй обон кылып керектедим.
Карындаш ай,
Өчүрбөй обон кылып керектедим.

Ошончо көп адамды көзгө илбей,
Анчалык не тиктедиң көз ирмебей?
Көзүңө көзүм менен жооп беремин,
Тиктешип отурабыз эми бирдей.
Карындаш ай,
Тиктешип отурабыз эми бирдей.

Категория: Аскат Мусабеков | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 423 | Теги: Аскат Мусабеков | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: