А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Асылбек Өзүбеков

Текст песни Асылбек Өзүбеков "Өмүрзар"

Көз жетпейт көр дүйнөнүн тереңине,
Сөз жетпейт кайрымы жок кереңине,
Күмүштөй күндөрүмдү күүп алып,
Үлүштөй кайра мага берери не?

Октолот өргө кетип сайран өмүр,
Токтолот көргө жетип кайран өмүр.
Бир күндүк ырысыңа күлкү минип,
Миң жылдык жаш сүйүүнү байлана жүр.

Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек, комуз калат ырлар менен,
Билгенге жалгыз чындык ошол арман.

Жолоочу жол таба албай бала күндө,
Чолоо таап, айтып койбой кабарын же.
Алтындай ай жылдарды артка таштап,
Алдыда андан кымбат табаарым не?

Жылт этип күмүш күндөр калат алыс,
Жыйналбай мезгилдериң алыс, алыс.
Эң кымбат жылдарды биз жолго чачып,
Эй досум кайда шашып баратабыз?

Датымды айткым келет Теңирге мен,
Асылды теңеп койгон темир менен.
Асылды табамын деп алтын издеп,
Асылды жоготобуз өмүр деген.

Жашайбыз бала күтүп,кайрым тилеп,
Жашайбыз жадагандан кайгы-муң жеп.
Жан барда арман жоктой күлдөй жүрчү,
Жашайбыз дагы канча ай ким билет.

Бейиттер карызыңды козгоп сурап,
Адамдык парызыңды боздоп турат.
Бедериң бир ууч гана боз топурак,
Аларың бир ууч гана боз топурак.

Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек, комуз калат ырлар менен,
Билгенге жалгыз чындык ошол арман.

Категория: Асылбек Өзүбеков | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 402 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: