А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Аваз Акимов

Текст песни Сыймык Бейшекеев, Аваз Акимов "Бул күндөр"

Кейибей бул жашоодо башың көтөр,
Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер.
Кемийт дейт хандын тузу, кези келсе,
Кедейлик уят эмес, эгер билсең.
Байлыгың - колдун кири, жууса кетет,
Балага мээрим болсун, урмат менен.
Бапырап тынч жашасаң, ошол бакыт,
Баарынан бейпил болсун Ата Мекен.

Байлыкка кимдер гана умтулбаган,
Байлыгы аз адамдар тынч уктаган.
Байлыктын азабы көп, түбү түпсүз,
Байлыгың адамды жөн куткарбаган.
Басынып кереги жок байлык үчүн,
Балдарың болсун сени урматтаган.
Бардыгы өтөт, кетет изи калбай,
Баарынан бала кымбат көч улаган.

Күндүн да түнү болот капкараңгы,
Күүгүмдүн таңы болот, жарык жаңы.
Кундуздай кара чачың кечээ болсо,
Кубулуп эртең башка, бубак басты.

Жетишпес оокат бүгүн, эртең башка,
Жетилет уулуң дагы, кызың дагы.
Жемиши болот жаздын, күздү күтсөң,
Жер эне бейпил болсо, болот баары.

Армансыз бул жашоодо адам болбос,
Аягың бир төгүлсө, кайра толбос.
Аярлап күтсөң токтойт байлык дагы,
Адашып бир жоготсоң кайра конбос.

Адамды сынайт экен бакыт дагы,
Асырап ары, келген кир жолотпос.
Аялуу буюмуңдай аруу күтсөң,
А балаң түбөлүктүү болот жолдош.

Азамат эмгектенип уйку билбейт,
Арсыздар бекер жүрүп күн кечирет.
Ак эмгек жерде калбайт, элиң баалайт,
Адалдык атак берет, даңкты берет.
Адамды адам кылган - асыл эмгек,
Байлыкты, бакытты да ал алып келет.
Алтын баш аман болсо, акыры бир күн,
Алтындан аяк алып суу ичет.
Кейибей бул жашоодо башың көтөр,
Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер.

Категория: Аваз Акимов | Добавил: Админ (30.01.2018)
Просмотров: 418 | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: