А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Аваз Муратов

Текст песни Эдил Маматов, Аваз Муратов "Окуучулук кайыгым"

Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн мен турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.

Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
Окуучулук өмүрүм деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап турганмын.

Кайырма:
Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.

Он жыл бирге туздашым,
Классташым, курдашым,
Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжелерим, агайым,
Кеч болсо да рахматым айтайын.

Кайырма:

Категория: Аваз Муратов | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 473 | Теги: Эдил Маматов, Аваз Муратов | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: