А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Автандил

Текст песни Автандил "Каркырам"

Көрбөй калсам каркырамды,
Көңүлүмдөн тартылам.
Туу тутунган сөздөрүмдү,
Туйдура албай тартынам.
Эх, каркырам, каркырам,
Алып учуп талпынам.
Ак тилеги ашыктык,
Айдап алды артымдан.

Ойдун сөзүн теремин,
Түшүмдө да көрөмүн.
Бетке кырдап сага деп,
Байчечекей теремин.
Жашыл үмүт мендеги,
Жабыркады өңдөндү.
Жанып турган алысым,
Жанып-күйүп сен деди.

Же аны сен сезсеңчи,
Кадырына жетсеңчи.
Сүйүү деген чынжырды сен,
Сүйүү менен чечсеңчи.
Жашыл үмүт мендеги,
Жабыркады өңдөндү.
Жанып турган алысым,
Жанып-күйүп сен деди.

Күн мүчөсү келишкен,
Эх, периштем, периштем.
Күбө болчу түбөлүк,
Ырыскымды бөлүшкөн.

Категория: Автандил | Добавил: Админ (16.02.2018)
Просмотров: 685 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: