А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Азиз Жетигенов

Текст песни Азиз Жетигенов - Ойлойсуңбу?

Кайда эми биз эңсеген бакыт жолу,
Кайда эми ошондогу ашык болуу?
Жүрөктөн кетпейт экен көп элестер,
Жүргөн кез узатышып, басып чогуу.

Кайырма:
Кайдасың? Азыр мени ойлойсуңбу?
Мен үчүн жарык жылдыз болбойсуңбу?
Дилимден сага арнаган ырларыма,
Бир жолу көңүл буруп койбойсуңбу?

Кайда эми кереметтүү сүйүү деген,
Суу беле жерге сиңип билинбеген.
Бир жүрүп кымбат күндү кайрыбадык,
Бир гана үмүт калды түңүлбөгөн.

Кайырма:

Кайда эми таттуу кыял, асыл санаа?
Биз жүргөн кызгалдактуу жашыл талаа.
Билгизбей ортобузду жылдар бөлдү,
Бир көргөн тааныштаймын азыр сага.

Кайырма:

Категория: Азиз Жетигенов | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 353 | Теги: Азиз Жетигенов | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: