А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » А » Азиза

Текст песни Фархат Кеңешбек уулу, Азиза - Алтын балалык

Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кете элек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.

Кайырма:
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон.

Кемпир десем мен колуңдан жетелеп,
Белим ий деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп сени аяп.
Чай кайнаткан күндөрүң,
Али эсимден кете элек.

Кайырма:

Коштошордо коомай кармап колумду,
Сагынба деп санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул күн.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.

Кайырма:

Категория: Азиза | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 460 | Теги: Фархат Кеңешбек уулу, азиза | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: