А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Б » Бактыгүл Бадыева

Текст песни Бактыгүл Бадыева "Ак кайың"

Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан чакты сагындым.
Түгөнбөй сырдын түйүнү,
Түбүндө аппак кайыңдын.

Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.

Жылдызын көккө таратып,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?

Кайырма:

Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.

Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Эх, сүйүү, сенин көзүң жок.

Категория: Бактыгүл Бадыева | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 374 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: