А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Б » Бактыгүл Бадыева

Текст песни Бактыгүл Бадыева "Кайгырбаймын"

Абалымды билип мени түшүнбөдүң,
Оорубадым, бирок өкүнбөдүм.
Мүнөзүңдү жеңил, сезип кеч болсо да,
Түшүнгөнмүн, өкүнбөдүм.

Кыйнап жатып күлүп, мени түшүнбөгүн,
Кылыгыңды эстеп түңүлгөнмүн.
Жолугам деп келип, билгин, тынчым алып,
Өтүнбөгүн, өтүнбөгүн.

Кайырма:
Кайгырбаймын, кайрылбаймын,
Башка сүйүүм, кайгырбаймын.
Сагынбаймын, жалынбаймын,
Жалган сүйүп, кайгырбаймын.

Кабарыңды алып, сага жолукпаймын,
Кайгы тартып, жүрөк оорутпаймын.
Сезимимди таза, ыйык махабатка,
Толуктаймын, толуктаймын.

Көздөрүңдү сенин унутпаймын,
Түштөрүмдү сен деп жорутпаймын.
Көңүлүмдү түзөп эми башка адамга,
Сунуштаймын, сунуштаймын.

Кайырма:

Баалабайсың сен баркымды,
Кармабадың го антыңды.
Байлабайсың сен бактымды,
Тагдырымды.
Махабаттан баш тарттыңбы?
Башка адамды сен таптыңбы?
Бакытыңды, өз сүйгөн адамыңды,
Сен таптыңбы?

Кайырма: 

Категория: Бактыгүл Бадыева | Добавил: Админ (25.04.2018)
Просмотров: 538 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: