А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Б » Бегимай Карабаева

Текст песни Бегимай Карабаева "Сырдуу махабат"

Кара көздүн карегинде уялап,
Карап койсоң каректерим уялат.
Күн - түнү кайгыларды кубалап,
Кыялдарым сен тарапка чубалат.

Мурун мага сен жөн эле жакчусуң,
Сырларыңды сыр сандыка катчусуң.
Айландырып алдым окшойт сүйүүгө,
Арнап жүрүп мамиленин татуусун.

Кайырма:
Бирок айта албайм, сени сүйөм деп,
Сага ардагым, менин ардагым.
Муздак түндөн калкалай бүтпөс махабат,
Мага арнадың.

Ээлеп алып ойлорумдун барысын,
Ошондо да башым ийбейт намысым.
Тагдырымды табышмака айлантып,
Таап алдым жүрөгүмдүн дарысын.
Тартууладың балдан таттуу махабат,
Кыялымдын гүлдүү багын аралап.
Сени ойлоп, сени гана сагынып,
Сени сүйүү бир мен үчүн ырахат.

Кайырма:
Сен сүйүүңдү айта албайсың намыстанасың,
Жетүү үчүн махабаттан алыс каласың.
Жашырынып жаштыгыңда күнүң өткөрсөң,
Ак сүйүүңдү анда ачык кантип табасың?.
Жүрөгүңдө кусалыктар күндө тебелейт,
Көздөрүңдөн өкүнүчтү жашы себелейт.
Тунжураган жалгыздыкты эчким түшүнбөйт,
Өзүң үчүн сенден бөлөк эч ким өкүнбөйт.
Кайрыма:

Категория: Бегимай Карабаева | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 428 | Теги: Бегимай Карабаева | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: