А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Б » Булан

Текст песни Булан "Өзүмдү сага беремин"

Узакка кеткен оболоп үнүмдү сага беремин,
Сезимди бийге келтирген сүйүүмдү сага беремин.
Алоолоп күйгөн түтүнсүз арымды сага беремин,
Жүрөктү турган камчылап канымды сага беремин.

Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.

Кайырма:
Көп кыздардын арасынан сени тандадым,
Жаз гүлүндөй сулуулугуңа, жарым, арбалдым.
Оо, өзүңө ашык болдум жалгыз өмүрдө,
Жан шеригим, жана берчи, мен карып өткөнчө.

Суурулуп чыккан ааламдан сөзүмдү сага беремин,
Өрт болуп кокус жаралган жүрөгүм сага беремин.
Жан дүйнө бирге жаралып, жалжалым, көңүл табалык,
Жалындап күйүп түбөлүк, жашоодо бирге жаналык.

Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.

Категория: Булан | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 424 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: