А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Ч » Чубак Сатаев

Текст песни Чубак Сатаев "Жарамазан"

Жарамазан, жарамазан,
Жарамазан айтсак деп,
Жабырашып, жабырашып,
Жабырашып кайтсак деп.
Учуп-күйүп биз келдик,
Ушул үйгө туш келдик.

Кайырма:
Жарамазан бизге айттырган,
Айланайын кыргыз калкымдан.
Ат байладык терекке,
Ушул үйгө береке.
Биз жарайбыз керекке,
Ак наныңдан бере кой.
Ак батаңды тилей кой,
Айланайын, айланайын,
Айланайын, энеке.

Жарамазан, жарамазан,
Жарамазан жалпы экен.
Жарамазан, жарамазан,
Анык кыргыз салты экен.
Салтты билген жигиттер,
Кыргызымдын баркы экен.

Кайырма:
Ата салтын бизге калтырган,
Айланайын кыргыз калкымдан.
Шайыр көйнөк белекке,
Шакек катып терекке.
Биз жарайбыз керекке,
Чатак кылбай ишиңди,
Чакыр кайынсиңдиңди.
Айланайын, айланайын,
Айланайын, жеңеке.

Жарамазан бизге айттырган,
Айланайын кыргыз калкымдан.
Ат байладык терекке,
Ушул үйгө береке.
Биз жарайбыз керекке,
Ак наныңдан бере кой.
Ак батаңды тилей кой,
Айланайын, айланайын,
Айланайын, энеке.

Категория: Чубак Сатаев | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 788 | Теги: Чубак Сатаев | Рейтинг: 1.0/1
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: