А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Ч » Чыңгыз Мырзаев

Текст песни Чыңгыз Мырзаев - Кантип айтчы?

Арзуумдан айрылдым, адаштым жолдон,
Ак куумду уурдаттым, байкабай колдон.
Ала качты, артынан жете албай калдым,
Гүлүм түштү колуман сага деп койгон.

Кең ааламда кысылып, батпай жатамын,
Бактыбыздан айрыган салтка капамын.
Эли-журтка уят го, эми бара албайм,
Кечир деген өзүңдөн бүктөм кат алдым.

Кайырма:
Кантип айтчы антыбыз кана биздин?
Кантип айтчы, турмушуң тартты тизгин?
Бөпөлөп биз өстүрчү бөбөктөрдү,
Бактына жаратасың эми кимдин?

Бүлө куруп, бактылуу жашайбыз деген,
Эч кимде жок ийгилик жасайбыз деген.
Коштошо албай кол сунуп “кош”дегим келбей,
Ойдон кетпей өткөн күн сагына берем.

Намыс үчүн бакытты жолго таштадым,
Жарымы жок, жалгыздык жашоо башталып.
Жаным элең болдуңбу башканын жаны?
Жоодур көзүң жүрөктө калат сакталып.

Кайырма:

Категория: Чыңгыз Мырзаев | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 302 | Теги: Чыңгыз Мырзаев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: