А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Д » Дайыр Исмадияров

Текст песни Дайыр Исмадияров "Досторум"

Досторумду капа кылып албайын,
Досторума бир сап ырды арнайын.
Бирге көрүп бул жашоонун жыргалын,
Ден-соолукта жүролүчү ар дайым.

Жүрөктөрдү биз оорутуп албайлы,
Тамашаны чындай кабыл албайлы.
Бирөөлөрдүн кирип жаман тилине,
Досторум эй, жүз карашпай калбайлы.

Кайырма:

Эй, досторум, досторум,
Жаштык гүлү соолбосун.
Жараткан соң силерди,
Кудай өзү колдосун.


Жаштык өтсө келбейт кайра кайрылып,
Калгым келбейт мен достордон айрылып.
Ойноп-күлүп өткөрөлү жаштыкты,
Калбагыдай болуп кийин кайгырып.

Жүзүңөрдөн күлкү нуру кетпесин,
Кырсык куусун, бирок, такыр жетпесин.
Арнап жазган ушул бир сап ырымды,
Ар бир досум угуп мени эстесин.

Кайырма:

Категория: Дайыр Исмадияров | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 465 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: