А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Д » Дайыр Исмадияров

Текст песни Дайыр Исмадияров - Жомок

Өмүрдүн майданы,
Өзүңдү мага арнады.
Коё бербейм, жаным,
Жүрөккө бекем кармаймын.
Жайдары жүргөн көңүлүм сенсиң,
Бакытты сүйгөн өмүрүм сенсиң.
Тагдырым берген белегим сенсиң,
Сезимден келген желегим сенсиң.

Кайырма:
Алтыным, жан эркем,
Суктанам көздөрүмдү ала албайм.
Токтобойм, берекем,
Арзыган сөздөрүмдү кайталайм.

Махабат сапары,
Өзүңө келип токтотту.
Жөнөкөй күндү,
Жомоктогуга окшотту.
Эч кимге бербес аярым сенсиң,
Сүйүүмдө жалгыз баяным сенсиң.
Кыялымдагы жубайым сенсиң,
Өмүрдү бирге улайын деймин.

Кайырма:

Жан эркем, бакыт үйүн бир куралы,
Жанында гүлдөп турсун сүйүү багы.
Алсырап кетпесинчи сезим күчү,
Алоолоп жана берсин дагы, дагы.

Категория: Дайыр Исмадияров | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 316 | Теги: Дайыр Исмадияров | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: