А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Д » Дайыр Исмадияров

Текст песни Дайыр Исмадияров "Жылдыздар"

Эңсей берем сени, жолуккандан бери.
Жарык чачат үмүт шоола созулуп.
Кыялымда издеп, сызып учкум келди,
Асмандагы ак кууларга кошулуп.

Аппак тилек жамынып,
Алтын шакек тагынып.
Жүрөгүмдө жашайсың,
Махабатты сагынып.

Кайырма:
Жылдыздар берметтей жааса төгүлүп,
Айлана бир укмуш көзгө көрүнүп.
Махабаттын ыры турса кол сунуп,
Эркелейт кыялым нурга чөмүлүп.

Ак сүйүүмдүн гүлү ачылгандан бери,
Жүрөгүмдөн өзүң түнөк тапкансыйт.
Сүрдөп сенден, жаным эч ким айта элек,
Сүйөм деген сөздү алгач айтканын.

Аппак тилек жамынып,
Алтын шакек тагынып.
Жүрөгүмдө жашайсың,
Махабатты сагынып.

Кайырма:

Эңсей берем сени, жолуккандан бери.
Жарык чачат үмүт шоола созулуп.
Кыялымда издеп, сызып учкум келди,
Асмандагы ак кууларга кошулуп.

Аппак тилек жамынып,
Алтын шакек тагынып.
Жүрөгүмдө жашайсың,
Махабатты сагынып.

Кайырма:

Категория: Дайыр Исмадияров | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 336 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: