А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Д » Данияр Эрматов

Текст песни Данияр Эрматов "Аярым"

Алаканга салып жүрөм,
Аярым мен сени сүйөм.
Ашыктык отуна күйөм,
Көтөрөм кыялыңды,
Катып жүргөн сырларыңды,
Катпа менден жыргалымды.
Билем жаным сен эркесиң,
Бирөө барын сен сезерсиң,
Ачтың сүйүү терезесин.

Кайырма:
Бир болууну самаймын,
Өзүңсүң аярым
Жанымда болчу дайым
Сүйүүнүн жалыны,
Сезимдин жарыгы,
Жанымдын жарымы сен.

Сөзүң таттуу балдай сенин,
Сүйлөткүм бир келет менин.
Сөзү жок да сезет сезим
Карегиңден мен айланып,
Өзүңө калдым мен байланып
Аяганың байкалып.
Жүрөктөрдөн сүйүү чачып,
Өмүр бою дидарлашып,
Өтөлүчү кол кармашып

Категория: Данияр Эрматов | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 375 | Теги: Данияр Эрматов | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: