А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Д » Динара Акулова

Текст песни Динара Акулова "Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу"

Карегимдин жашы кылып жамгырды,
Канча күттүм арасынан ай-жылдын.
Какшап жетпей калганымды билсең да,
Карааныңды бир көргөнгө зар кылдың.

Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.

Сагындырган сүйүүм көздөй бара албай,
Сайда бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшош бир да инсан таба албай.

Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.

Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн
Ашыктыктын азабына күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?

Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.

Категория: Динара Акулова | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 513 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: