А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Д » Добр

Текст песни Добр "Бир гана сен"

Саламатсыңбы сүйгөнүм, кагылайын жаным,
Бир нерсени айтайын деп жүрүп бирок айта албадым.
Эгерде ушул ырды угуп калган болсоң,
Сүйөрүмдү жашырбай ачык сага арнадым.
Дүйнөдө кымбат сен мага адам белең?
Сен сулуу жүзүң менен бары жеңесиң,
Сени эстеп, кайра, кайра жанымда жок кезде эңсеп.
Ойго батам түбөлүкө кеткенсип сен,

Караңгы шамда.
Күн тоого батканда,
Түшүмө киресиң,
Көзүмдү жапканда.
Жан жүрөгүмдүн оруун басып,
Жок, көңүлүмдөн адам сенден артык.

Ай жарык түнүндө, байланыш түйүндө,
Төркү телефондо, көйүлүм сөзүңдө.
Назик сөзүң адамзатка жагымдуу,
Кап-кара көздөрүң, карагаттай өңдөнүп.
Көтөргөн көңүлдү, сенин гана көз ирмең,
Көңүлүмдө жанган, түнкү жылдызым белең.
Тереңден, терең жеке сезимим сага,
Теңелбес өмүрүм ыйык сенин атыңа.

Кайырма:
Сен гана сен, жүрөгүмдүн теңисиңби,
Сен гана сен, өмүрүмдүн демисиңби.
Сен гана сен, жүрөккө дары сепкенсиң,
Сен гана сен, көңүлүлдүн перисисиңби.

Жеке сезимим сага, биринчи көргөн кезимде,
Алиги тасма дагы деле кетпейт эсимден.
Жай себелеген, күн нуру радуга,
Жүрөгүмө дары сепкен периштесиң садага.
Бассам, турсам, сени жоктоп зарыгам,
Үнүңдү укпасам кадимкидей сагынам.
Бар экен, жок экен мунун аркасында,
Тагдыр айтып бербейт, аба ырайын жаңысында.
Жытыңдан жыпар, өзгөчө бир жыттанган,
Кыялың бир жөнөкөй, жүзүңө өң жарашкан.
Жараткан сени кудай, өзгөчөлөп башкадан,
Кереметтеги айымзат, алтындаң нурун чачкан.

Кайырма:

Сен гана сен, жүрөгүмдү ээлейсиңби,
Кагылайын деги сүйөрүмдү сезесиңби.
Эмнегедир сени көрүп муну айта албаймын,
Көзүмдө жалын күйүп жатканымды байкабадың.
Канча аракет жасадым, барибир тилим барбады,
Жүрөгүм сыгылып жүрүп, акыры барып дагы тажадым.
Экөбүздүн мамилебиз, дос жана таныш элебиз.
Дос эле катары көрүп, ашыкча көрбөйсүң неге?
Билесиңби жаным деп айта албадым неге?
Анткени өзүңдү жоготуп аламбы деймин,
Эркелетип жылуу сөз айтып.
Колуңдан кармагым келип,
Сени гүл менен тосуп алып.
Жогору баалагым келди,
Жашоонун тагдырына күнөөнү койбоймун эми.
Балким ал убакта, убагынан ашып кетти деги,
Жашоонун сүйкүм элеси же сүйүү кемеси.
Мен үчүн жаралдыңбы же мен үчүн эмеспи?

Кайырма:

Категория: Добр | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 353 | Теги: Добр | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: