А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Д » Добр

Текст песни Добр "Карындашым"

Аяйым карындашым сен төрөлгөн жаңы,
Турат күндөр эсте, көкүрөктө жанып.
Сенин алдей чагың, ыйлаганың жаңы,
Сени колго алып өтө кубанганым.
Турат күндөр эсте, жүрөгүмдө бары,
Алгач кадам шилтеп, тай тайлагандарың.
Сенин алгач сөзүң, эрке кыялдарың,
Алгач өнөрлөрүн чыга баштаганы.
Жүрөгүмдө турат ошол күндөр эсте,
Өмүр өтөт тура, өтөт тура мезгил.
Убакыт келди окшойт чоңойдун сен дагы,
Түгөйүн менен кошо эрчишип кетип калдың.
Ата- энең, агаң, синдиң менен иниң,
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин .
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө ,
Ак жоолук салынып, жашындың көшөгөгө.

Кайырма:
Аяй карындашым акпасын көз жашың,
Бактылуу бол жарың менен кол кармашып.
Ата энен жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр.

Жарыгы бол күйгөн, жаңы конгон үйгө,
Үй бүлөңдү сүйгөн, жароокер бол бүлө.
Жарың менен кошо, сүрө турган жашооң,
Ынтымакты камтып, бакыт жүрсүн коштоп
Жарың болсун ата, а сен болчу эне
Мен дагы сүйүнүп, болоюн таеке
Дарегине жетсин айтылган ак сөздөр
Кудай үй бүлөңдү сактай жүрсүн көздөн
Кайда жүрбө дайым, болгун эсен аман
Жар, эне бол айым, жолдошуңа жаккан
Экөөңөр кармашкан, колуңар үзүлбөсүн
Ушул күндөн баштап, экөөң бир үй бүлөсүң
Ата-энең аган сиңдин менен иниң
Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин
Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө
Ак жоолук салынып жашындың көшөгөгө.

Кайырма:
Аяй карындашым акпасын көз жашың,
Бактылуу бол жарың менен кол кармашып.
Ата энен жакшы берген тарбиясын,
Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр.

Категория: Добр | Добавил: Админ (01.03.2018)
Просмотров: 385 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: