А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Д » Добр

Текст песни Добр "Турмуш"

Жай эми жолодуң,
Жаш туруп ойлондуң.
Жаралаган турмушуң,
Жүрөгүмдө ойгонду.
Эх, турмушум менин,
Сүйдүм эле сүйүүм менин.
Ай, жүрөгүмдөгү, арманым жүгүм менин,
Эх, кечегим менин, кичинекей ырчы элем.
Мына эми чоңоюуп, колуман келер бекен?
Эх, жашаймын эми, жашаганга,
Аш гана кыла көр кудайга шүгүр баары.
Жараган, бирнерсеги кереги тийги түйчи адам,
Жылгым келет турмушумда болсо дагы бир кадам.
Жада калса басканы сыгылып жүрөк тажадым,
Маңдайым дагы максатым эмнеге ишке ашпады?
Эмнеге гана барбадым?
Эмнени гана кылбадым?
Көрсө бул жашооңдо эң башкы ролун акчаңбы?
Карасам жашоомду, караңгы шайтандын тору.
Адамдын кандай экенин акчадан текшерип коюу,
Чын эле сынообу же мыйзамыбыз ошобу?
Байлардын кедейге мамилеси оңолобу?

Кайрыма:
Көбүрөк аракет кылып,
Калбагын сен гана сынып.
Жашоонун тыгыздыгына,
Тыгылып жүрөк сыгылып.
Жылыгылып калсаң таянып,
Кайрадан бутуңа туруп.
Жүрөгүңдөгү жараны, өчүрүп коюу учуруң,
Тай-тай бутка туруп.
Жай-жай турмуш куруп,
Эң башында кыйналуу менен утулуп.
Умтула бер көп өйдөгө,
Үмүтүң өчпөс дөбөдө.
Ишенип – ишенүү керек,
Ишенүүдө кел өзүңө.
Таймашып жүрөк турмушка,
Ал дагы түрткү ушуга.
Чыдамкай жана күчтүүнүн,
Чырагы күйүп турууда.
Чайкалып төккөн чаманын,
Жакшысыбы же жаманыбы?
Пейли түрү адам менен,
Ошондой эле адамды.
Баарыбыз тең ортодобуз,
Кудайым берген жашоону.
Колубуздан баары келет,
Ишениш керек ошого.
Байыңбы же кедейиңби,
Айрымасы эмнеде дейли.
Желеден секирген адам,
Жеңилбей жеңип кеткени.
Ишенбеген аркынысы, ордунда эле тура берген,
Боруна тумарын , турамы жардам бербеген.

Кайырма:

Тыбырчылагын жашоодо,
Мыйзамың деген ушубу?
Көзүңдү чоңурак ачып,
Көз карашыңды оңдогун.
Турмуштун кулпусун ачып,
Жашыруун сырларын табып.
Ойнобой ойлонуп жаса,
Акылың менен каталык.
Тагдырың өз колуңда,
Насатын ук чоңунан.
Ошонун баарын чогултуп, жогору адам болууга,
Солго кайрыбагын, оңго да бурбагын.
Булганып аласың, түз эле жашагын,
Бузулбайм десең, көз каранды болбойм десең.
Башынан ачык айкын курч адам болушуң керек деги,
Жаңылбайсың деги, эгер ошондой денгээлиң болсо.
Бирок алдандай адамга мамилеңди ал ортодон,
Сапатың, кыяялың өзүңө жакпай жатканы менен.
Сыртыңдан жарашып, бирөөгө үлгүсү керек,
Негизи эле бул жашоодо Кыргызым биз азаматбыз.
Баарына шүгүр жасаган эң бактылуу адамбыз.

Кайрыма:
Эх, турмушум менин,
Сүйдүм эле сүйүүм менин.
Ай, жүрөгүмдөгү, арманым жүгүм менин,
Эх, кечегим менин, кичинекей ырчы элем.
Мына эми чоңоюуп, колуман келер бекен?

Категория: Добр | Добавил: Админ (27.01.2018)
Просмотров: 375 | Теги: Добр | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: