А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Э » Элиза Орозова

Текст песни Элиза Орозова - Узаба

Жан адам махабаттан айрылбасын,
Жан сыздап, жашын төгүп кайгырбасын.
Жаныма батып барат сагынычым,
Жарк этип чыга келчи, жан курдашым.

Кайырма:
Узаба менден, узаба,
Алдырып коём ызага.
Учуруп бакыт кушумду,
Узаба менден, узаба.

Башка жан түштү беле назарыңа?
Баспайсың баштагыдай катарыма.
Таалайым, таштабачы, суранайын,
Тайгак жол, татаал тагдыр азабыңа.

Кайырма:

Кезинде сезбептирмин кадырыңды,
Келемин эңсеп шоола жарыгыңды.
Өмүрдүн өрттүү кезин бүт арнаймын,
Өчүрүп албас үчүн жалыныңды.

Кайырма:

Категория: Элиза Орозова | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 333 | Теги: Элиза Орозова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: