А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Э » Эрлан Андашев

Текст песни Эрлан Андашев "Кайгырба"

Байлыгым жок деп кайгырба,
Ден соолук сенин байлыгың.
Он эки мүчөң соо турса,
Ошол да сенин бай күнүң.
Ал-күчүм жок деп кайгырба,
Акылдан өткөн чоң күч жок.
Акылсыз баатыр сак жүрсө,
Акылы көптө көңүл ток.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба, сен, ай, кайгырба.

Сулуулук жок деп кайгырба,
Сулуулук болот жүрөктө.
Жүрөгүң соксо токтобой,
Чырайың кетет күн өтсө.
Бакытым жок деп кайгырба,
Ыйманда сенин бакытың.
Баспасаң мечит тарапка,
Бакыттан сенин качышың.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба, сен, ай, кайгырба.

Талантым жок деп кайгырба,
Татыктуу жашоо чоң талант.
Таза жол менен жашап өт,
Үй-бүлө отун калкалап.
Акылым жок деп кайгырба,
Акылдуу болуш аста-аста.
Акылман сөзүн көп уксаң,
Акыл да келет кырк жашта.

Ай-ай-ай-ай-ай

Атагым жок деп кайгырба,
Атактуу жүрөт тузакта.
Азаттык сенде андан көп,
Кызыктын баары сен жакта.
Турмушум оор деп кайгырба,
Оңой деп эч ким айтпаган.
Тайкүлүк ташы бут тоссо,
Чыңала түшкүн кайтадан.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба сен, ай, кайгырба.

Категория: Эрлан Андашев | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 314 | Теги: Эрлан Андашев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: