А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлбү Ороскул кызы

Текст песни Гүлбү Ороскул кызы "Арзуу"

Көңүлгө да көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Көңүлдө калды, а бирок ай,
Көксөткөн санаа, кусалык.

Байыр алып, басып наздана,
Баш ийип калдың башкага.
Бактылуу кылып башканы сен,
Бактылуу болдуң аз гана.

Сагындым, мынча сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирет,
Анда не келип кетпейсиң?

Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.

Категория: Гүлбү Ороскул кызы | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 814 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: