А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Сатылганова

Текст песни Гүлнур Сатылганова "Ак санат"

Адам болуп жаралып дүйнөгө бир келген конокпуз,
Кадырлашып калалык, бүгүн конок, эртең жомокпуз.
Кезекти кур кетирбей, тилегиңе жаркын үмүт кош,
Кейисең да кечинде, эртең менен күндү күлүп тос.
Күмүш күндөр миң, бирок, досум, түшүнгүн,
Эң кымбатың эртең эмес, ушул күн.

Кайырма:

Элиңе жүрөктү арнап салгын,
Телегей тең болуп ардакталгын.
Сездиңби шашылат өмүр шамалдай,
Мезгилди учурбай кармап калгын.

Өмүр бою өчүрбөй, жүрөгүңдү жандыр сүйүүгө,
Өткөн ишке өкүнбөй, кубанычты чакыр үйүңө.
Көңүл эзген муң жаман, көзүбүздөн кээде жаш тамып,
Бузулса да бул заман, адам бойдон калгын сакталып.
Тагдыр ушул деп таарынганың бекер кеп,
Талпына бер максатыңа жетем деп.

Кайырма:

Категория: Гүлнур Сатылганова | Добавил: Админ (27.01.2018)
Просмотров: 313 | Теги: Гүлнур Сатылганова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: