А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Сатылганова

Текст песни Гүлнур Сатылганова "Ал сүйүүнүн келгени"

Кайырма:
Сагыныч сени каптаса - ал сүйүүнүн келгени,
Кыялың сезим жактаса - ал сүйүүнүн келгени.
Жалгыздык жаныңа жакпаса - ал сүйүүнүн келгени.

Караңгы каптайт дүйнөңдү,
Сүйгөнүң эгер жок болсо.
Бир жолу ачкан гүл өңдүү,
Соолуйсуң сүйүүң болбосо.
Жайдары болот көңүлүң,
Алыста бирөө ойлосо.
Көркүнө келет өмүрүң,
Ашыгың сени колдосо.
Сезимге көңүл ток болсо,
Муздаган жүрөк чок болсо.

Кайырма:
Сагыныч сени каптаса - ал сүйүүнүн келгени,
Кыялың сезим жактаса - ал сүйүүнүн келгени.
Жалгыздык жаныңа жакпаса - ал сүйүүнүн келгени.

Махабат бакыт тартуулайт,
Сүйүүңдү баркта кабылсаң.
Жалгыздык арман таңуулайт,
Сезимден эгер жаңылсаң.
Жан шерик босун тумарың,
Сезимге сен да багынсаң.

Кайырма:
Сагыныч сени каптаса - ал сүйүүнүн келгени,
Кыялың сезим жактаса - ал сүйүүнүн келгени.
Жалгыздык жаныңа жакпаса - ал сүйүүнүн келгени.

Категория: Гүлнур Сатылганова | Добавил: Админ (30.01.2018)
Просмотров: 317 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: