А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Сатылганова

Текст песни Гүлнур Сатылганова "Досторго"

Арабыздан жакшы-жаман сөз өттү,
Ич жылытып, сыздатып да өзөктү.
Эми качан бий бийлейбиз чогулуп?
Убакытты таппай жүрүп жаз өттү.

Адам болдук, бой көтөрдүк, кыйналдык,
Жамандыкка бирибизди кыйбадык.
Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.

Турмуштун чоң агымында агылдык,
Өжөр болдук, өрттү кечтик, жаңылдык.
Кайда калды бала кыял мүнөздөр?
Түшкө кирет жылажындай жаңырып.

Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.

Категория: Гүлнур Сатылганова | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 347 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: