А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Сатылганова

Текст песни Гүлнур Сатылганова "Кадырлуу калкым"

Сабалап келдим алдыңа,
Саламат тосуп алгыла.
Сагынып күткөн эл үчүн,
Садага кеччү жан мына.

Туйлаган жүрөк элим дейт,
Туйгундар учкан жерим дейт.
Тумардай ыйык ыр менен,
Турмуштун жүгү жеңилдейт.

Кайырма:
Кадырлуу калкым, жазайын жарпың,
Бийик бол тоодой, жылдызың жансын.
Ардактуу калкым, алайын дартың,
Терең бол көлдөй, терметип күндү жаркын.

Уютку болуп өмүргө,
Ушул күн калсын көңүлдө.
Жаштыктан жалын тутанат,
Жар салып сүйүү жөнүндө.

Бекерге тартпа убайым,
Белекке ырым сунайын.
Береке толуп кыргызга,
Бейпилдик болсун ылайым.

Кайырма:

Категория: Гүлнур Сатылганова | Добавил: Админ (16.02.2018)
Просмотров: 339 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: