А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Сатылганова

Текст песни Гүлнур Сатылганова "Керемет дүйнө"

Сүйүүдөн башталып бул дүйнө кулпунат,
Гүл дагы таш жарып сүйүүгө умтулат.
Деңизге теңелер сездиңби тереңин,
Чөкпөсүн кемеңер, түшүрбө желегин.
Сүйбөсөң сен эгер жашадым дебегин.

Кайырма:

Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет.
Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет.
Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет.
Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет.

Бирөөлөр жаңырып ардагын тапкандай,
Бирөөлөр жаңылып арманга баткандай.
Түн келсе тооруган ишенгин ар убак,
Күн чыга жолуңан нуруна дарылап,
Сүйүүдөн ооруган сүйүүдөн айыгат.

Кайырма:

Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет.
Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет.
Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет.
Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет.

Категория: Гүлнур Сатылганова | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 299 | Теги: Гүлнур Сатылганова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: