А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Сатылганова

Текст песни Гүлнур Сатылганова - Мен сага жолугушум керек эле

Мен сага жолугушум керек эле,
Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде.
Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө,
Болбосо ашуулардын туу белинде.

Кайырма:
Мен сага жолугушум керек эле,
Кыштабы же жаздабы, бир мезгилде.
Чыгыштан супа салган ак таңда,
Же болбосо, боз мунарык кеч бешимде.

Мен сага жолугушум керек эле,
Биз түшкөн өмүр деген бул кемеде.
Болжолдуу жерибизден жолугушар,
Болбосо буйтап өтүп кеттикпи же?

Кайырма:

Мен сага жолугушум керек эле,
Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде.
Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө,
Болбосо ашуулардын туу белинде.

Кайырма:

Категория: Гүлнур Сатылганова | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 294 | Теги: Гүлнур Сатылганова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: