А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Сатылганова

Текст песни Гүлнур Сатылганова "Сагынарым өзүң бол"

Шактарын ачкан гүлдөрдөй,
Шамдарын жаккан түндөрдөй.
Шаанисин эстейм шаттыктын, ий,
Шаңк этип өзүң күлгөндөй.

Ак нурум - сен, ак сулуум - сен,
Жандандырып өмүрүмдү,
Жарык кылып көңүлүмдү.
Жан ыргагы өзүң бол.

Өргүбөй өткөн күндөрдөй,
Өмүрлөр өтөр бир келбей,
Түгөнбөй ойдун түйүнү, ий,
Түн узак кирпик ирмелбей.

Жалжалым - сен, жандаарым - сен,
Алыстатпа жаштыгымды,
Арнап турган жакшы ырымды,
Атар таңым өзүң бол.

Алыстап улам карабай,
Алдаба мени баладай.
Азгыра берет элесиң, ий,
Арманым болуп тарабай.

Караарым - сен, кайдасың сен?
Карааныңды каркырадай.
Сапар тартып бараткандай,
Сагынарым өзүң бол.

Категория: Гүлнур Сатылганова | Добавил: Админ (30.01.2018)
Просмотров: 329 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: